Социалдык тармакта Астанадагы мектептердин биринде бүтүрүүчүлөр менен бирге бийлеген мектеп директорунун видеосу тарап, миллиондогон көрүү топтоду. Бул тууралуу tengrinews.kz басылмасы жазды.
Видео Инстаграм баракчасына жайгаштырылып, кыска убакытта 2,6 миллионго жакын көрүү топтогон. Аталган видео Астана шаарындагы №58 мектепте тартылганы белгилүү болду.
Билим берүү мекемесинин директору Акмоншак Нуртаза бүтүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында алар тарткан трендге катышкан.
"Мен бул мектепке эки жыл мурун келгем. Бул видеону 24-майда, Акыркы коңгуроо салтанатынан кийин тартканбыз. Ал ошол эле күнү кечинде интернетке жарыяланган. Бир жарым күндүн ичинде видео 2,5 миллиондон ашык көрүүгө ээ болуптур", - деген ал.
Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөргө жаркын келечек жана ак жол каалаган.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары видеого жакшы пикирлерди калтырышкан.