Москва шаарынын Жаңы Москва аймагында атышуу болгонун орус басылмалары жазышууда.
Окуя кечээ, 26-майда "Спорт кварталы" турак жай комплексинде болгон. Анда кылмышкерлерди кармоо үчүн келген полиция кызматкерлери курал колдонушкан.
Кылмышкерлердин бири кармалды. Алар үчөө болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
Бул окуя боюнча азырынча расмий маалымат жок. Айрым орус басылмалары күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, кылмышкерлер курьерди тоноого аракет кылганын жазышууда. Анда курьер 127 миң рубль акча алып бара жатканы айтылат.