Кыргызстан курама командасынын футболчулары мюнхендик “Бавариянын” оюнуна күбө болушат

Учурда Кувейтте машыгуу сборун өткөрүп жаткан Кыргызстан курама командасынын футболчулары мюнхендик “Бавариянын” оюнуна күбө болушат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы клубдар арасындагы мелдештердин дээрлик бардыгын уткан мюнхендик “Бавария” да учурда Кувейтте машыгуу сборун өткөрүп жатат. 11-январда клуб Судандын чемпиону “Аль-Меррейх” клубу менен жолдоштук оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде утуп алган. Кезектеги оюнун алар бүгүн, 13-январда Кувейттин чемпиону “Аль-Кувейтке” каршы өткөрүшөт. Кыргызстан курама командасы дал ушул оюнга толук курамы менен чакырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Almabek
2014-01-13 12:35:35
Жакшы экен, эми ошол бойдон ооздору ачылып калбаса болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан