Кыргызстанда жайгашкан абактагы айымдар эл аралык онлайн шахмат турниринде байгелүү орунду багындырышты. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 23-майда эл аралык Chess.com платформасында "Азия кубогу" аталышында өттү. Мелдешке 56дан ашуун өлкөнүн соттолгон айымдары катышышты. Мелдеш 7 турдан турган швейцариялык система боюнча өтүп, ар бир оюнчуга 10 мүнөт жана ар бир жүрүш үчүн кошумча 5 секунд убакыт берилди.
"Кыргызстан аталган турнирге төрт команда менен катышты. Алардын катарын эркектер жана жаш өспүрүмдөр да түзөт. Бирок өзгөчө аялдар командасы эң мыкты натыйжа көрсөтүп, Азия кубогунда коло байгеге ээ болушту. Бул ийгилик соттолгондордун интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүрүү жана коомго кайра кайтаруу (социалдашуу) программаларынын, ошондой эле мамлекеттик жана спорттук уюмдардын колдоосунун аркасында мүмкүн болду", - деп айтылат маалыматта.
Турнир өлкөнүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жана Кыргыз шахмат бирикмеси тарабынан уюштурулду.