Канададагы Британ Колумбия университетинин окумуштуулары түнкү сегиз саат уктоо ден соолук үчүн идеалдуу деген кеңири тараган пикирди четке кагышты. Бул тууралуу илимий макала Proceedings of the National Academy of Sciences (PNAS) журналында жарыяланды.
70тен ашык өлкөнүн маалыматтары талданып, уктоонун узактыгы менен адамдын ден соолугунун ортосундагы байланыш ар түрдүү маданий шарттарга жараша өзгөрөрү аныкталды. Илимпоздор жапондор француздарга караганда орто эсеп менен 1,5 саатка аз уктаарын, бирок бул алардын өмүрүнүн узактыгына же жалпы ден соолугуна терс таасирин тийгизбестигин белгилешти. Жапония дүйнө жүзүндө эң жогорку орточо өмүр узактыгы боюнча алдыңкы орунда турат.
Изилдөөнүн жүрүшүндө түнкү уйку менен жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет же семирүү деңгээлинин ортосунда түз байланыш жок экени аныкталды. 20 мамлекеттин мисалында "идеалдуу" уктоо убактысы ар түрдүү болгону белгилүү болду. Ошондой эле уктоо режими коомдогу маданий нормаларга шайкеш келген адамдар өзүн ден соолугу жакшы сезип, көбүрөөк сергек болору байкалды.
Окумуштуулар бул көрүнүштү социалдык шарттарга адаптация менен түшүндүрүшөт. Жумуштун башталышы, коомдук транспорттун режими жана күнүмдүк жашоо ритми сыяктуу факторлор уктоонун узактыгына жана сапатына түз таасир этет.
Изилдөө дүйнө жүзү боюнча бирдиктүү сунушталган уктоо нормаларына кайрадан баа берүү зарылдыгын көрсөтүп, ар бир коомдун маданий өзгөчөлүгүн эске алуу маанилүү экенин баса белгилейт.