Өлкөдө Акыркы коңгуроо иш-чарасында одоно укук бузуулар катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу жайлардын аймагында, ошондой эле эл жыш чогулган жерлерде коомдук тартипти камсыздоого ички иштер органдарынын 6000 кызматкери тартылды.
Аныкталган анча маанилүү эмес укук бузуулар боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери ыкчам чараларды көрүштү. Жалпысынан алганда, кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн формалдуу эмес жолугушууларына жана сейилдөөлөрүнө байланыштуу дагы деле коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштерди улантууда. Ата-энелерге жана мугалимдерге өспүрүмдөрдүн иш-чараларына дыкат көңүл буруунун жана укук коргоо органдары менен кызматташуунун маанилүүлүгү жөнүндө эскертилет.