Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина WTA`нын (Айымдардын теннис ассоциациясы) рейтингинде 1 орун алдыга жылды. Бул тууралуу аталган ассоциациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, январь айында жаңыланган рейтингде теннисчи карамагындагы 110 упай менен 384-орунду ээлеп турат. Анын буга чейинки көрсөткүчү 385-орун болчу.
Рейтингди америкалык Серена Уильямс жетектейт. Алдынкы үчтүктө Виктория Азаренко (Белaрусь) менен Мария Шарапованын (Орусия) ысымдары бар.