Айыл чарба министрлиги эл аралык форумга катышууда

Айыл чарба министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмү эл аралык форумга катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүмдүн кызматкерлери "Дмитрий Чуприн жана Партнёрлор" эл аралык компаниясынын директорунун чакыруусу менен бул форумга катышып жатышат.

Министрлик кадрдык потенциалды жогорулатуу маселелери боюнча мындан аркы кызматташууну пландаштырууда. Жакын арада министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн тренинг өткөрүү мерчемделген.

Бул тренинг адам ресурстарын башкаруу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, "Дмитрий Чуприн жана Партнёрлор" эл аралык компаниясы менен биргеликте өткөрүлөт. Алар адам ресурстарын жакшыртуу жана жаңы милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды, методдорду киргизүү боюнча чоң тажрыйбага ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан