Репродуктивдик саламаттык жөнүндө ачык сүйлөшөбүз: Бишкекте пресс-кафе өттү

Бүгүн, 27-майда борбор калаада "Ачык сүйлөйбүз. Репродуктивдик саламаттык тууралуу табусуз" аттуу пресс-кафе өттү. Иш-чара өспүрүмдөрдү сексуалдык жана репродуктивдик агартуу, маалыматка жеткиликтүүлүк жана бул темаларды чагылдырууда медианын ролу боюнча ачык диалог жүргүзүүгө арналды. Пресс-кафе Үй-бүлөнү пландоо альянсы коомдук фонду тарабынан Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте уюштурулду.

Жолугушууга журналисттер, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер жана өспүрүмдөрдү агартуу менен алектенген өнөктөштөр катышты. Эркин жана ишенимдүү атмосферада алар жаштарга маалымат жеткирүүнүн маанисин, бул чөйрөдөгү негизги көйгөйлөрдү жана медианын коомдогу ишенимдүү диалогду түзүүдөгү ролун талкуулашты.

Расмий статистикага ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда 19 жашка чейинки 938 кыздын боюнан алдыруусу катталган. Алардын ичинен 41 учур 17 жашка чейинки өспүрүмдөргө туура келет. Адистердин айтымында, мындай көрсөткүчтөр өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине ыкчам жана ишенимдүү маалымат берүү ишин күчөтүүнүн зарылдыгын көрсөтөт.

"Бул сандар — жөн гана статистика эмес, ар биринин артында адамдын тагдыры турат. Эгер жаштар өз ден соолугу тууралуу аз маалыматка ээ болсо, алар оор чечимдерди жалгыз кабыл алууга мажбур болушат", — деди Үй-бүлөнү пландоо альянсы коомдук фондунун директору Бактыгүл Бозгорпоева.

Катышуучулар белгилешкендей, репродуктивдик саламаттык — бул жөн гана медициналык кызмат эмес, ал маалыматтык колдоону да камтыйт. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлү комплекстүү жыныстык агартуунун маанилүүлүгүн, ал илимий негизде жана адамга болгон урмат-сый менен жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Журналисттер жаштар тууралуу материал даярдоодо сынчыл жана басынтуучу сөз айкаштардан алыс болуу зарылдыгын белгилешти.

Пресс-кафенин акыркы бөлүгү интерактивдүү викторина менен жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө катышуучулар фактылар менен мифтерди ажыратып, өз ойлору менен бөлүшүп, эксперттерден жооп алышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары мындай ачык диалог аянтчалары коомдо саламаттык жана билим берүү маселелерин кесипкөйлүк жана урматтоо менен талкуулоого өбөлгө түзөрүнө ишеним артарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан