Бүгүн, 27-майда Nordwind Airlines авиакомпаниясына таандык Екатеринбург–Сочи каттамы менен бараткан Boeing 777 учагы жүргүнчүнүн ден соолугу кескин начарлап кеткенине байланыштуу Актөбө шаарына авариялык түрдө конууга аргасыз болгонун буга чейин кабарлаганбыз.
Актөбе транспорттук полиция департаментинин маалыматына ылайык, учакта жүрөк оорусу кармаган аял күйөөсү жана балдары менен Сочиге сапар алган. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабай, аял конууга чейин көз жумган. Маркум 1983-жылы төрөлгөн.
Авиакомпания жана медициналык кызматтардан расмий маалыматтар азырынча берилген жок. Бирок окуя болгон жерге шашылыш медициналык жана куткаруу кызматтары барганы кабарланды.
Маркумдун сөөгү учурда Актөбөдө калтырылып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн транспорттук полиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алгачкы экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынууда. Булардын негизинде тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
Эске сала кетсек, бул каттамда жалпысынан 564 жүргүнчү болгон. Учак саат 14:30 чамасында Сочиге карай кайра жолун улады.