Бүгүн, 27-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франциянын ТИМине караштуу тышкы соода боюнча министри Лоран Сен-Мартенди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Ага ылайык, жолугушууда кыргыз-француз мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.
Атап айтканда, энергетика, транспорт жана логистика, тоо-кен өнөр жайы, ошондой эле туруктуу жана экологиялык туризм тармактарында кызматташууну кеңейтүү үчүн потенциалдуу багыттар белгиленди.
Мартен Франциянын өлкө экономикасына француз инвестицияларын тартуу, француз маданиятын жайылтуу, атап айтканда, Кыргызстандагы мектептерде француз тилин окутуу аркылуу Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Министр Кулубаев Франциянын делегациясына тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында Кыргызстан тарабынан көтөрүлүп жаткан эл аралык демилгелер тууралуу маалымат берди.