Адылбек Касымалиев Франциянын тышкы соода министрин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Франциянын тышкы соода жана чет өлкөлөрдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен-Мартенди кабыл алды.

Өкмөттөн билдиришкендей, анда тараптар соода, экономика, инвестиция жана туризм тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Өкмөт башчы Кыргызстан Франция менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүшкө умтулат жана эл аралык кызматташтык үчүн ачык. Биз ачык-айкындуулукту жогорулатууга, ишкердик климатты жакшыртууга жана инвестиция тартууга багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүп жатабыз”, - деди Касымалиев.

Ал ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоо максатында маанилүү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып, бул иш улантылып жатканын айтты.

Өз кезегинде Лоран Сен-Мартен Франциянын эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Кыргызстандын демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады. Ошондой эле француз тараптын туризм жана жашыл энергетика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан