
Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 26-майда Өзгөн РИИБине Кара-Кулжа районунун 38 жаштагы тургуну денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, Кара-Кулжа РИИБине жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары маркумдун 40 жаштагы жолдошу А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.