Бишкекте коомдук тартипти бузган эки адамга 5500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Ленин РИИБинен билдирди.
Райондук милиция 26-майда социалдык тармактарда жол транспорт кырсыгы катталган жерде эки эркек киши агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, сөгүнүп сүйлөп жатышканы тартылган видео тараары менен каттоого алынып, териштирүү иштери болгонун белгиледи.
Натыйжада 31 жана 34 жаштагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен административдик протоколдор түзүлдү.