Америкалык ишкер Илон Маск анын SpaceX компаниясынын негизги максаты Марска учуу экенин билдирди.
Масктын айтымында, Марска учуу НАСАнын Айга конуу боюнча Аполлон программасынан кийинки чоң секирик болот.
"Менин оюмча, негизги максат Марс болушу керек. Биз бул жолдо Айга кайтып келишибиз мүмкүн. Бирок негизги максат Марс болушу керек. Анткени бул чындап эле Аполлондон кийинки чоң секирик", - деген ал The Washington Post басылмасына берген маегинде.