АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Канада Кошмо Штаттарга кошулууну чечсе, Вашингтондун "Алтын купол" абадан коргонуу системасына акысыз кошуларын билдирди.
Ак үй башчысы АКШнын келечектеги долбооруна Оттава кошулууну эңсеп жатканын белгиледи.
"Мен биздин жомоктогудай "Алтын купол" системабыздын бир бөлүгү болууну абдан каалап жаткан Канадага, алар өзүнчө өлкө болуп кала берсе 61 миллиард доллар төлөшөрүн айттым. Бирок алар биздин эңсеген 51-штатыбыз болушса, анда нөл доллар беришерин да айттым. Алар муну карап жатышат", - деп жазган ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасына.
Айта кетсек, "Алтын купол" абадан коргонуу системасын түзүү – бул Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү учурунда айткан масштабдуу долбоору. Бул коргонуу системасы АКШны ракеталык чабуулдардан, анын ичинде космостон да коргойт деп болжолдонууда. Долбоор 175 миллиард доллардан кем эмес деп бааланууда жана Трамптын планына ылайык, 2029-жылдын январына чейин, башкача айтканда, анын президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин бүтүшү керек.