Орусиянын Амур облусундагы мектептердин биринин стадионундагы футбол аянтчасында мигранттардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя 25-майда Свободный шаарында болду. Полиция футбол беттешинде командалардын ортосундагы пикир келишпестик чоң жаңжалга айланганын айтып, анын кесепетинен 27 жаштагы жаран орто деңгээлдеги жаракат алып, ооруканага жаткырылгандыгын билдирди.
Ага тиешеси бар 11 өзбек жараны соттун чечими менен камакка алынды. Кармалгандардын баары майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп табылып, тогузу 14 күн, дагы экөө 12 күн камакта болот.
Ошондой эле ден соолукка атайылап зыян келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул бөлүк боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.