Мектептеги 20 жылдык салтанатка барган аялды классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн күйөөсү кызганып, сабап, андан кийин атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда SUPER.KG медиа порталына маркум аялдын айылдашы айтып берди.
Анын айтымында, жолдошу жубайын аңчылык мылтык менен атып салган. Натыйжада ал ооруканага жетпей, окуя болгон жерде каза болгон.
Буга чейин облустук милиция Кара-Кулжа районунда 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жаракатынан улам каза болгонун билдирген болчу.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.