Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров Ослодо Адам укуктары фонду (HRF) укук коргоо уюму уюштурган Эркиндик форумунда сүйлөп жатып: "Мен орусмун, кимдир бирөөнүн мүлкү болуп калгандан көрө, өлгөнүм артык", - деди. Бул анын "өзүн “орус активи” деп эсептейби?" деген суроого берген жообу болду.
Сүйлөшүү учурунда Дуров тигил же бул мамлекеттик түзүмгө көз каранды болушу ыктымалдыгы боюнча айыптоолорго болгон мамилесин түшүндүрдү.
"Ал эми мындай пикирди айткан адамдар менин жашоомдун жолу жөнүндө – Telegram'га чейин эмне кылганым, ВКонтакте менен Telegram Чыгыш Европадагы сөз эркиндигин жана жеке турмушту коргоодо кандай роль ойногону тууралуу жакшы билишет деп ойлойм", - деген ал.
24-майда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Дуров Францияда камакка алынганын өлкөнүн бийлиги Румыниядагы шайлоого таасир этүү ниетинен улам жарыялаганын билдирген болчу.