Кара-Кулжада 38 жаштагы аялдын өлүмү: Келинди жакындан тааныгандар маалымат берди

Мектептеги 20 жылдык салтанатка барган аялды классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн күйөөсү кызганып, сабап, андан кийин атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда SUPER.KG порталына маркумдун жакындары айтып берди.

Алардын айтымында, жолдошу жубайы менен чогуу 20 жылдыкка Өзгөнгө келген. Бирок ошол эле күнү кайра Кара-Кулжага жөнөп кетишкен.

"Классташтары иш-чара бүткөнгө чейин жанынан чыкпай жүрдү. Алар "Акыркы коңгуроо" аземинен кийин мектептен чыгып, чогуу сыйга барышмак. Бирок ага калбай, расмий иш-чара бүтөрү менен экөө чогуу кетишкенин айтышты", - деп билдиришти жакындары.

Ошондой эле маркумдун артында 5 баласы калганын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганы тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан