Beeline «КИТ Форумда» ЖИ жана киберкоопсуздук туурасында билимдери менен бөлүшөт

Эртең, 29-майда, Бишкекте дүйнөдөгү көптөн күткөн санариптик технологиялар дүйнөсүндөгү окуялардын бири – эки күндүк «КИТ Форуму» старт алат. Иш-чара жыл сайын 2000ден ашуун катышуучуну: бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык эксперттер, студенттер жана МT-адистерин чогултат. Бул жылы масштабдуу иш-чарага Beeline Кыргызстан компаниясы да кошулду.

Форумдун биринчи күнүндө Beeline Кыргызстандын киберкоопсуздук департаментинин жетекчиси Борис Кочерыжкин «Жасалма интеллект жана киберкоркунучтар: жаңы чакырыктар жана чечимдер» аттуу панелдик сессияга катышат. Ал санариптик коопсуздук чөйрөсүндөгү ЖИ ролу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

— Жасалма интеллект – бул жаңы мүмкүнчүлүктөр гана эмес, жаңы тобокелдиктер дагы. Заманбап технологиялар канчалык тездик менен өнүкпөсүн, киберкоопсуздук үчүн бир кадам алдыда болуу маанилүү. Бул маселени жана башка көптөгөн суроолорду биз кесиптештерибиз менен 29-майдагы панелдик талкуу учурунда талкуулайбыз. Абдан пайдалуу болот деп ишенем, — деп белгилейт Борис Кочерыжкин.

Ошондой эле «КИТ Форумда» Beeline Кыргызстандын өкүлдөрүнө түздөн-түз суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк болот. Алар компаниянын карьералык мүмкүнчүлүктөрү, актуалдуу вакансиялары, продукциялары жана кызматтары жөнүндө кубануу менен айтып беришет.

«КИТ Форуму» — Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан IT жана инновациялар жаатындагы эң ири иш-чара. Ивент төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Билим алмашуу — ар кайсы өлкөлөрдөн келген мыкты спикерлердин мастер-класстары, воркшоптору жана чыгып сүйлөөлөрү;
  • Ачык диалог — санарип доордун чакырыктарын талкуулоо, идеяларды жана чечимдерди издөө;
  • Нетворкинг — Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары маалыматтык технологиялардын келечегин түзүп жаткан адамдар менен таанышуу;
  • Карьералык мүмкүнчүлүктөр — жумуш берүүчүлөр келечектүү адистерди, ал эми жумуш издегендер өз кыялындагы жумушту таба ала турган аянтча;
  • КИТ EXPO — дүйнөнү өзгөртүп жаткан алдыңкы санариптик чечимдердин жана технологиялардын көргөзмөсү.

Beeline Кыргызстан өлкөнүн санариптик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдойт. «КИТ Форумга» катышуу Компаниянын киберкоопсуздукту чыңдоого жана технологияларды жакыныраак, ал эми интернетти коопсуз кылуучу чечимдерди өнүктүрүүгө умтулуусун тастыктайт.

Иш-чаранын программасы менен таанышып, «КИТ Форумга» катталуу үчүн https://kit-forum.kg/ сайтына кириңиз. Кошулуңуз — абдан кызыктуу болот!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан