Вашингтондо Жашыруун кызматтын эки өкүлүнүн ортосунда мушташ болгон. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.
Окуя 21-майда АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын 8 миллион долларлык хан сарайынын алдында болгон. Жаңжал эки аял кызматкердин ортосунда болгон. Анда алар кызмат учурунда болушкан.
Басылма агенттер кызматтан четтетилип, иликтөө иштери башталганын белгилейт. Окуя болгон учурда Обаманын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кимдир бирөө үйдө болгон-болбогону белгисиз.
Белгилей кетсек, АКШнын Жашыруун кызматынын милдеттеринин ичинде өлкөнүн учурдагы жана мурдагы лидерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо да кирет.