Кечээ, 27-майда 65 жаштагы Ош шаарынын мурдагы мэри И.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМ иликтөө иштеринде өкмөттүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилгени аныкталганын белгиледи.
Андагы чечим боюнча, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулуп, үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүүгө мүмкүн эмес болгон. Бирок буга карабастан ал мыйзамдарды бузуу менен мыйзамсыз токтомдорду чыгарган. Натыйжада жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүлүп берилип, кийин мейманкана курулган.
Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 миллион 9 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган.
Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.