Бишкектин Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө заманбап жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Борбор калаанын мэриясы долбоордун өзүн актоо үчүн объектти 49 жылдык мөөнөткө ижарага башкарууга өткөрүп берген.
Калаа башчы Айбек Жунушалиев өз сөзүндө бул күн шаар үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
"Акыркы 30 жыл ичинде Бишкек шаарында бир дагы жаңы жер астындагы өтмөк курулган эмес, ошондуктан бул долбоор шаар үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө биз шаардын инфраструктурасын калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап, тышкы инвестицияга гана көңүл бурбастан, ички инвестиция менен да активдүү иш алып баруудабыз. Бул борбор калааны туруктуу өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү", - деп кошумчалады мэр.
Долбоордун негизги максаты – шаардык чөйрөдө бардык катышуучулар үчүн коопсуздукту, жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жакшыртуу, ошондой эле убакытты үнөмдөө. Унаа токтотуу маселесин жоюп, жер астындагы өтмөктү түзүү борбордук көчөлөрдү жеңилдетип, тыгындарды азайтып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жолду камсыздайт.
Курулуш ишке берилген күндөн тартып 2 жылга чейин созулат. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө курулуш стадиясында да, объектти эксплуатациялоодо да кошумча жумушчу орундары түзүлөт.
Долбоорго ылайык, жер астындагы өтмөктө эскалаторлор, заманбап лифттер жана социалдык жана тейлөө объектилери орнотулат. 220дан ашык унаага эсептелген жер астындагы унаа токтотуучу жай шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жүктөмдү бир топ азайтып, унаа токтотуучу жайларды табууга шарт түзөт.
Комплекс эки соода борборун бириктирип, Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин созулуп, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жай түзүлөт.
Долбоорду "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" ЖЧКсы каржылап, алар кредиттик ресурстарды жана инвесторлордун кошумча каражаттарын тартууда.