Мексиканын Гуанахуато штатындагы Ирапуато шаарында кароосуз калган үйдөн 17 адамдын сөөгү табылды. Чет элдик басылмалар бул тууралуу аталган өлкөнүн прокуратурасы кабарлаганын жазышты.
Табылгандардын арасынан 5 адам (4 эркек жана 1 аял киши) дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгон. Сөөктөрдөн тышкары союлдар жана күрөктөр да табылган.
Массалык киши өлтүрүү эки кылмыштуу топтун ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.