Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Салман Хасимиков каза болду

Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону орусиялык Салман Хасимиков 73 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, спортчу бүгүн, 28-майда дүйнө салды.

Белгиленгендей, Хасимиков өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Европанын үч жолку чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, ошондой эле 1982-жылы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болгон. Мындан тышкары ал 10 жыл эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын капитаны болуп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан