Президент Садыр Жапаров борбордо Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өлкө башчынын администрациясы билдирди.
Мамлекет башчысы анда Кыргызстан аймактык коопсуздукту жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын баса белгиледи.
"Президент ЖККУ Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги отурумунда тараптар уюмдун жоопкерчилигиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштаганына ишеним билдирди.
Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле тыгыз маалымат алмашууну жана аракеттерди координациялоону жолго коюу зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары ЖККУнун укуктук базасын өркүндөтүүнүн жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.