Чүй облусунун Сокулук районунда жеңил унаа кичинекей баланы сүзүп, айдоочу качып кетти. Бул туурасында Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кырсык 26-майда саат 07:50 чамаларында Сокулук айылынын Совет көчөсүндө орун алды. Белгисиз айдоочу 2017-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жаш бала окуядан кийин аймактык ооруканага жеткирилди.
Жол кырсыгына шектүү 1993-жылы туулган В.Е. кечээ, 27-майда кармалып, тергөө кызматына тапшырылды. Ал эми унаа айып короо жайына токтотулду.