Бишкек–Ош унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Бишкек–Ош унаа жолунун 111-чакырымында катталган жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үч жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Чүй облустук жол милициясы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык бүгүн саат 15:15 чамаларында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хонда CRV үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, эки Хонда Степвагон менен сүзүштү.

Натыйжада Хонда Степвагондун ичинен 3 жүргүнчү жаракат алып, 1 жүргүнчү каза болуп калган.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Видео: Штраф.кж

Жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан