Бишкекте эмерек жасаган цехтен чыккан өрт өчүрүлдү (фото)

Бишкектеги Учкун конушунда эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт саат 18:46да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда ӨКМ билдирүү таратты.

"Муну менен катар турак үй өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттери менен коңшу жайгашкан турак жайларга жалын өткөрүлбөй курчоого алынды", - деп билдирди ведомство.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 офицер дрону менен тартылды.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Андан жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан