Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Чүйдүн Беш-Күнгөй айылынын тоосуна эс алууга чыгып, бутун кокустатып алган өспүрүмгө жардам беришти.
Министрликтен бүгүн, 28-майда билдиргендей, жерине Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, 17 жаштагы баланы тоодон түшүрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Анын абалы орто экени айтылды.