Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Кремлдин басма сөз кызматы жазды.
"Орусия президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болуп, анда соода-экономикалык жана энергетикалык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Казак президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө мамлекеттер аралык мамилелер достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана союздаштыктын маанайында динамикалуу өнүгүп жатканы баса белгиленген.