Белгилүү эстрада жылдызы Клара Алибекова уулунун туулган күнүнө унаа белек кылып, сюрприз жасады.
"Мен үчүн кубанычтуу күн. Анткени уулум Байелимдин туулган күнү. Көптөн бери кыялданып жүргөн белегимди тартуулайм", - деп билдирген ырчы.
Ал эми Байел Момунов апасына өзгөчө ыраазычылыгын айтты.
"Чынында апамдан мындай белекти кабыл алуу мага бир аз ыңгайсыздык жаратса, бир чети күтүлбөгөн сюрпризге кубандым. Эмоциям дагы деле көз алдымдан, жүрөктөн кетпей турат. Мени төрөп, мени багып, дайым менин жанымда болгонуңузга рахмат! Мындан жакшы белектерди апамдын туулган күнүнө мен тапшырайын", - деп калтырган билдирүүсүндө.