Илон Маск Ак үйдөгү ишин жыйынтыктаганын жарыялады

Америкалык миллиардер жана АКШнын өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин башчысы Илон Маск президент Дональд Трамптын администрациясындагы кызмат мөөнөтү аяктаганын 29-майга караган түнү X социалдык тармагындагы аккаунту аркылуу жарыялады.

"Өкмөттүн атайын кызматкери катары мөөнөтүм аяктап жаткандыктан ысырапкорчулукка сарпталган чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берген президент Дональд Трампка ыраазычылык билдиргим келет", — деп жазган ал.

Маск ошондой эле өзү жетектеген Өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин мындан аркы өнүгүшүнө ишеним билдирди. Анын айтымында, мекеме убакыт өткөн сайын бекемделип, бүтүндөй өкмөттүн жашоо образына айланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан