Дүкөн, кафелер бузулуп... Ошто аллея салуу үчүн жолдун эки тарабы даярдалууда (видео)

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга толгон Мамыров көчөсү тазаланып, шаардыктардын эс алуусу үчүн аллея куруу максатында жолдун эки тарабы бошотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда мэрия билдирди.

Маалымдалгандай, аталган көчөгө жанаша агып өткөн Кайырма каналынын корук аймагына курулуп калган мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде коомдук тамактануучу жайлар, чакан дүкөндөр жана башка соода-сатык түйүндөрү толук бузулуп алынды.

"Бул жерге шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, жергиликтүү жашоочулардын эс алуусу үчүн жаңы сквер курулат. Скверде жөө жүрүүчү жолдор курулуп, жашыл аянттар түзүлүп, жарыктандыруу системи менен отургучтар орнотулат", - деп айтылат маалыматта.
29.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан