АКШнын Лас-Вегас шаарында 56 жаштагы жазуучу Мэтью Келемендин сөөгү 20-майда таштанды урнасынан табылды.
The Guardian жазуучунун сөөгү шаар тургундары таштанды челектен жаман жыт чыгып жатканын билдиргенден кийин табылганын белгилейт. Аны өлтүрүүгө Келемендин 63 жаштагы кошунасы шектелүүдө. Кызыгы, шектүү өткөн аптада жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качып баратып кырсыктап каза болгон.
Полиция бул куугунтуктун жазуучунун өлүмүн иликтөөгө тиешеси жок экенин билдирген.