Франциянын Бретани аймагынын соту 74 жаштагы хирург Жоэл Ле Скуарнекти жүздөгөн балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн 20 жылга эркинен ажыратты.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, сот жыйындары февралдын аягында башталган. Мурдагы дарыгер зордуктоо жана сексуалдык зомбулук боюнча айыпталып жаткан. Март айында Ле Скуарнек күнөөсүн мойнуна алды.
"Жалпысынан 299 бала бул иште жабырлануучу катары таанылган. Зордук-зомбулук учурунда алардын көбү анестезия, тынчтандыруучу жана башка дарылардан улам уйкуда болушкан", - деп билдирди прокуратура.
"Айыптоочу тараптын айтымында, дарыгер кылмыштарды хирург болуп иштеп турган учурда - 1989-2014-жылдар аралыгында жасаган. Бирок Ле Скуарнек 2017-жылы алты жаштагы кошунасына ыдык көрсөтүп, анын ата-энеси полицияга кайрылгандан кийин гана камакка алынган. Бул ишке байланыштуу хирургдун үйүн тинтүү учурунда башка балдарга карата жасалган кылмыштын далилдери табылды", - деп айтылат маалыматта.