Жо Байден тууралуу китептеги маалыматтарга караганда, АКШнын мурдагы президенти ден соолугуна байланыштуу өлкөнү толук башкара алган эмес. Анын ордуна анын кеңешчилери, аялы жана уулу негизги чечимдерди кабыл алышкан. Китептин автору Байдендин айланасындагылар иштин чыныгы абалын жашырган деп ырастайт.
Чет элдик басылмалар журналист Жейк Таппер "Түпкү күнөө: Президент Байдендин деградациясы" деген китепти жазган Алекс Томпсон экөө 200дөн ашык булактан маек алышканын айтканын белгилешти. Анын айтымында, алар өлкөнүн иш жүзүндө башкаруу администрация башчысы Рон Клэйндин, стратег Майк Донилондун, ички саясат боюнча кеңешчиси Брюс Риддин жана мыйзам чыгаруучу көзөмөлчү Стивен Риккеттинин колунда болгонун аныкташкан.
Ошондой эле биринчи айым Жилл Байден жана уулу Хантердин да ролу чоң болгон.