Панфилов районундагы жайыт жеринде мыйзамсыз курулуш аныкталды

Чүй облусундагы Панфилов районунун жайыт жеринде жеке жаран тарабынан турак үй курулушунун мыйзамсыз башталгандыгын аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 122,5 чарчы метр тилкеге пайдубал куюлуп, 880 чарчы метр аянттагы курулуш аянтчасы тегизделген. Натыйжада жалпы 1002,5 чарчы метр жайыт жерине зыян келтирилген.

Министрлик текшерүүнүн материалдары чара көрүү үчүн Панфилов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

Жыйынтыгында жерге келтирилген зыяндын көлөмү 178 миң 44 сом деп эсептелинип, мамлекеттин казынасына өндүрүлгөн. Азыркы убакта М.Н. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз ээлеп алынган жер тилкесин бошотуу иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан