Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу "Клооп" медиасынын кызматкерлеринин жана басылмада мурда иштендердин кармалышы боюнча маалымат берди.
Ал кармалгандар өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров менен иштешип келишкенин белгиледи.
"Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдарды, кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын буйрутма менен иштетип жүргөн. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган "Клооп" сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар: А.Эркебаева (1999-жылы туулган), З.Сыдыгалиева (2000), Ж.Дуулатов (2002), А.Александров (1997) жана З.Болот кызы (1999).
Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартышты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын буюртмаларды аткарып келишкенин айтып беришти", - деп жазды ал.
Айта кетсек, кечээ, 28-майда УКМК "Клооптун" учурдагы 3 кызматкерин жана басылмада мурда иштеген 2 кишини кармап, суракка алып кеткени маалым болгон. Алардын айрымдарынын үйүндө тинтүү иштери да жүргүзүлгөн.
"Клооп" медиасы оператору Александр Александров менен басылманын мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка камакка алынганын, журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана редакциянын мурдагы кызматкери Зара Садыгалиева бошотулганын жазды.
Атайын кызмат азырынча бул боюнча маалымат бере элек.