Социалдык тармактарда пикир үчүн 400 сом убада кылган видео тарап жатат жана аны О! мобилдик оператору төлөп берет имиш. Бул – шылуундар ойлоп тапкан кезектеги алдамчылык.
О! мобилдик оператору компания пикирлер үчүн акча төлөнө турган акцияларды өткөрбөгөнүн расмий түрдө билдирет. Тарап жаткан видеолордогу шилтемелер чоочун сайттарга киргизип, ал жактан колдонуучулардан жеке маалыматтары менен банк карталарынын маалыматтарын сурашат.
Сак болгула!
Акциялар жана сунуштар жөнүндө бардык расмий маалыматтар o.kg сайтына, Instagram баракчасына жана «Мой О!» тиркемесине жарыяланат. Эгерде жогорудагыдай окуяга кабылсаңар, анда ыкчам бөгөттөө үчүн көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча дароо Колдоо кызматына билдирүүнү сунуштайбыз.
Эгерде кандайдыр бир шектенүү жаралса, Колдоо кызматына кайрылгыла же маалыматты О! операторунун расмий каналдарынан текшергиле.
О! операторунун күнү-түнү иштеген Колдоо кызматы
Оператордун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына катталгыла.