Алматы-Бишкек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Казак басылмаларынын айтымында, каргашалуу окуя 28-май күнү кечинде Узынагаш айылынан анча алыс эмес аймакта орун алды. Кырсыктан 4 жаран каза болду.
Полиция кызматы 39 жаштагы Түркстан облусунун тургуну башкарып келе жаткан оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи чыгып кеткенин билдирди. Натыйжада башкаруусуз бара жаткан чиркегич каршы тилкедеги Geely үлгүсүндөгү унааны сүзүп, ал барып KIA Sportage унаасы менен кагышкан.
Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.