Ставропол шаарындагы жардыруудан шаар башчысынын орун басары, абадан коргонуу күчтөрүнүн ардагери Заур Гурциев каза болгонун орус басылмалары жазып чыгышты.
Укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөчүлөр бардык версияларды, анын ичинде теракт уюштурулушу мүмкүн деген да версияны караштырып жатышат. Шаарда абал тынч экени айтылат.
Орусия маалымат каражаттары 29-майга караган түнү Ставропол шаарынын Чехов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунда жардыруу болуп, ал жерден эки адамдын сөөгү табылганын жарыялашты. Буга байланыштуу эки адамды ырайымсыз түрдө өлтүрүү жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда гранатаны жардырган деп шектелген адам изделүүдө.