Израил Газада ХАМАСтын лидерин жок кылганы айтылууда

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил армиясы ХАМАСтын лидери Мохаммед Синварды Газа тилкесинде өлтүргөнүн билдирди.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, Нетаньяху маалыматты парламенттин сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

Синвардын өлүмү тууралуу алгач 18-майда Al Arabiya телеканалы булактарына таянуу менен кабарлады. Телеканалдын маалыматы боюнча, Синвар 13-майда Хан Юнистке кол салуудан каза болгон, аны менен кошо анын он жардамчысы да көз жумгандыгы айтылууда.

Ал эми The Jerusalem Post жазгандай, Израилдин чалгын кызматтары акыркы убакка чейин бул маалыматты тастыктаган эмес.

Мохаммад Синвар ХАМАСтын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Яхья Синвардын иниси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан