Ирандын Гилян провинциясынын Фумен шаарында "Бейиштин сааты" аттуу долбоор ишке ашырылып, анын алкагында тозоктогу кыйноолор көрсөтүлгөн. Бул тууралуу "Эркин Иран" Telegram каналы маалымдады.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчисинин айтымында, долбоор адамдарга тозоктун оту тууралуу ачык элес калтыруу жана диний терең ой жүгүртүүгө түрткү берүү үчүн тозоктун исламда сүрөттөлүшүн чагылдырган.