Социалдык желеге Кара-Кулжа районунда аялын мыкаачылык менен өлтүрдү деген кишинин сүрөтү тарап, келинди жакындан тааныгандар, 20 жылдык жолугушуу кечесинин күбөлөрү түрдүү пикир калтырышууда.
Алардын катарын келиндин эжеси толуктады.
"Менин сиңдим жөнүндө такыр жаман сөз жазбаңыздар. Кандай мээримдүү эне болгондугу көздөрүнөн көрүнүп турат. Сиңдим 20 жылдыкка күйөөсү менен чогуу барып, 2 саат иш-чарага катышып кетишкен. Үйүнө баргандан кийин ушул иш болуп жатат. Бирөөнүн айдай кызын, өзүңдүн балдарыңды энесиз калтырып отурасың. Аткан колдоруңа шал тийсин", - деп жазды ал.
Ал эми социалдык тармактын дагы бир колдонуучусу аялдын жолдошунун кыялы жаман экендигин белгилеп, 20 жылдык үчүн жасалган ресторандагы сыйга барбагандыгын айтты.
Кээ бири балдарына боору ооруп, кээ бири 20 жылдык иш-чарага көз карашын айтып, калгандары шектүүнү сөгүп, айтор, учурда коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалган. Аял мектептеги 20 жылдык салтанатка барып, классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн кызганчаак жолдошунун колунан ажал тапканы айтылууда.