Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров 30-майда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчысы ал жакта өтө турган "Борбор Азия-Италия" саммитине катышат.

"Саммиттин темасы "Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу" деп аталат. Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.

Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жорджа Мелонинин катышуусу күтүлүүдө", - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан