УКМК "Клооптун" дагы бир кызматкерин үйүнөн алып кеткени айылууда

"Клооп" медиасы дагы бир кызматкери Абдил Төрөбаев кармалганын жазды.

Басылма анын жакындарына таянып, Төрөбаевдин үйү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тарабынан тинтүүгө алынып, өзү УКМКга жеткирилгенин билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-майда УКМК "Клооптун" учурдагы 3 кызматкерин жана басылмада мурда иштеген 2 кишини кармап, суракка алып кеткени маалым болгон. Алардын айрымдарынын үйүндө тинтүү иштери да жүргүзүлгөн.

"Клооп" медиасы оператору Александр Александров менен басылманын мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка камакка алынганын, журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана редакциянын мурдагы кызматкери Зара Садыгалиева бошотулганын жазды.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына кармалгандар өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров менен иштешип келишкен деген билдирүүсүн жарыялады.

Атайын кызмат кармоолор боюнча дагы деле маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан