Раззак Бейшекеев Монголияда өтүп жаткан эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Ulaan-Baatar Open эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Спортчу 67 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада индиялык балбанды, экинчи айлампада түркиялык балбанды жеңген.

Эске салсак, Раззак Бейшекеев өз салмагында жаштар арасында Дүйнө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан