Социалдык желеге Кара-Кулжа районунда аялын мыкаачылык менен өлтүрдү деген кишинин сүрөтү тарап, келинди жакындан тааныгандар, 20 жылдык жолугушуу кечесинин күбөлөрү түрдүү пикир калтырышууда.
Алардын бири 20 жылдык салтанатка аял барбайм десе болбой жолдошу кыйнап алып барганын айтты.
"Аял байкуш барбайм десе, күйөөсү "барасың, сенин бир нерсең бар, ошон үчүн барбайм деп жатасың" дептир", - деп жазды ал.
Ал эми пикир билдиргендердин башка бири аны үйүнөн чыгарбагандыгын белгиледи.
"Үйлөнгөндөн баштап келинчегин эч жакка чыгарган эмес. 20 жылдык жөн гана шылтоо болду. Зөөкүрлүк кадимкидей көрүнүш болуп бара жатканы өкүндүрөт", - деп жазган социалдык баракачалардын колдонуучуларынын бири.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалган. Аял мектептеги 20 жылдык салтанатка барып, классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн кызганчаак жолдошунун колунан ажал тапканы айтылууда.